Марал Радиосу

Депутат Урмат Самаевдин унаасы кармалды

Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаевдин издөөдө жүргөн унаасы табылды. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.

Башкармалыктан билдиришкендей Токмок шаарынын  милиция кызматкерлери «1200 ST» мамлекеттик номурдагы «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унааны токтоткон. Текшерүүгө алган кезде аталган номур эл өкүлүнө тийиштүү делген «Тойота-Лендкрузер» унаасыныкы болуп чыккан.

Унаанын айдоочусу номуру жасалма экенин мойнуна алган, жеринде протокол толтурулуп 5,5 миң сом айып пул салынды.

Эске салсак, 31-январда Урмат Самаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирине жасалма номер менен жүргөнүн, өзү билген эместигин айткан.

Соңку бир аптадан бери унаа издөөдө жүргөн.