Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 12-февралда Кытай Эл Республикасынын толук ыйгарым укуктуу элчиси Сяо Цинхуаны кабыл алды. Анткени элчинин кыргызстандагы дипломатиялык миссиясы аяктады.
Өлкө башчы Кыргызстан кыргыз-кытай алакасына өзгөчө көңүл бура турганын белгилди.
«Урматтуу элчи мырза жана коңшу кытай эли. Биздерди кыргыз эли баалайт жана сыйлайт. 2019-жыл кыргыз-кытай алакасы бекемделет. Алдыда бир катар маанилүү иш чаралар турат. Кытай Эл Республикасынын президенти Си Цзиньпин мырзанын Кыргызстанга мамлекеттик сапары болгон турат.»-деди, президент
Өз кезегинде элчи Сяо Цинхуа дипломатиялык мөөнөтүндө Кыргызстандын элин жерин сүйгөнүн белгилеп өттү.