Марал Радиосу

Депутат жолбун иттерге «үй курууну» сунуштады

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Сайдахмат Исмаилов кароосуз калган иттерге атайын жай даярдоо сунушун берди. Демилгени кеңештин 12-февралдагы жыйынында көтөрүлдү.

Анын айтымында эл өкүлүнө шаар жашоочулары кайрылган.

«Шайлоочулар мага кайрылды. Айтымдарында шаардын айрым райондорундагы көчөлөр караңгы, жолбун иттер көп. Ошондуктан иттерди кабыл алган атайын жайды уюштуруу тапшырмасын мэрияга берели. Каражат табышсын. Бүгүнкү күнү ансыз да жолбун иттерди атууга аз эмес көлөмдөгү каражат берилет. Аларды атуу аёосуз мамиле болуп калат. Эгер кабыл алуу жайлары ачылса жакшы болмок», — деди,эл өкүлү.

Сунушту сессиянын бүгүнкү жыйындагы күн тартибине киргизүүнү өтүндү.