Марал Радиосу

«Азия балдары» I кышкы оюндарынын ачылыш аземи болуп өттү

9-февралда Южно-Сахалинск шаарынын «Спартак» стадионунда I Эл аралык «Азия балдары» спорттук кышкы оюндарынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентиктин маалымат кызматынан кабарлашты.

Иш-чаранын ачылышында Орусиянын Президенти Владимир Путиндин атынан Орусия Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Ольга Голодец мелдештердин катышуучуларына жана конокторуна саламдашуу сөзүн сүйлөдү.

Аталган салтанатка жергилүктүү жана Москва, Санкт-Петербург шаарларынын эстрада жылдыздары катышты.

Кошумчалай кетсек, 6 км дистанциядагы жаш балдардын арасында биатлон боюнча мелдешке Кыргызстандан  Ислам Турганбаев жана Муса Рахманберди уулу катышып, 32-33-орундарды камсыздашты.