Биз менен байланышыңыз

ЖТРдын жетекчиси орун басарына кысым көрсөтүп жаткандыгы айтылууда

Кыска кабар | 11 Фев 2019 | 1305 | 1

Жала-Абад облустук Мамлекеттик телерадиокомпаниясынын башкы директорунун орун басары Байгазы Райимкулов жетекчиси моралдык жактан кысым көрсөтөрүн маалымат жыйында айтты.

Анын белгилешинче, директору Союзбек Абдырасулов тарабынан басмырлоо 2018-жылдын 17-сентябрда башталган.

Анын башкы себеби Райимкуловдун иш бөлмөмө белгисиз бирөө кирип, Фейсбук баракчасынан кимдир бирөө менен жазышкан катты 60 пайызга бурмалап, принтерден чыгарып башкы директорго көрсөткөн. Орун басардын айтымында, бурмаланып жазылган каттарда жетекчилерди жамандоо болгон. Ошол эле күнү жетекчилик Райимкуловду чакырып, телеканалдын жашыруун сырын жайылтты деп бир тараптуу каралоо менен 45 мүнөт кабинетинде кармаган соң мажбурлап арыз жаздырган.

24-сентябрда Массалык коммуникациялар жана туризм департаментинин чакыруусу боюнча барып, арызды кайтартып алуу боюнча арыз жазган. Аталган департаменттен кайра жумушка чыксын деген буйрук келген. Бирок ал буйрукту телканалдын жетекчиси кабыл алган эмес. Райимкуловдун айтышынча, аны кызматтан аталган департаменттин жетекчиси гана ала аларын, анда да белгилүү негиздер болушу керек.

Ошентип 26-сентябрдан баштап кысымга кабылып келген. Андан кийин жетекчиликтен кечирим сурап кирген, бирок жетекчиси иштеше албаганын айтып, ишке алган эмес.

26-октябрда департаменттен директордун арызындагы Байгазы Райимкуловдун атына бир топ нааразычылыктар айтылып акты түзүлүп, жыйынтыгында сөгүш жарыяланган.

Райимкулов өзүнүн моралдык жактан коопсуздугун сактоону жана ЖТРдеги жалпы ишмердүүлүктү текшерүүнү өтүнүп арыз жазган. Анын белгилешинче, мекемеде дипломсуз кызматкерлер да иштеп жатат.

Ушул тапта арыздануучу Жала-Абад облустук Мамлекеттик телерадиокомпаниясынын жетекчилигинин ишин кароо жана моралдык жактан коргонуу үчүн Призидент Сооронбай Жэээнбековго, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жана Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Капаровго арыз жазганын айтып, арызы каралып жатканын кошумчалады. Анда ЖТРдеги жалпы ишмердүүлүктү текшерүүнү өтүнүп, мекемеде дипломсуз кызматкерлер да иштеп жатканын айткан.

Ал эми ЖТРдин башкы директору Союздек Абдырасулов бул боюнча комментарий бере элек.

1 пикир

1 пикир

  1. Арапбай

    13.02.2019 19:30

    Байгазы Райимкулов таза иштеген инсан деп ойлойм.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM