Марал Радиосу

Депутат: Парламентке таасир эткендер бар

Парламентте Коомдук телеканалдын Байкоочу кеңешине мүчөнү шайлоодо депутат Асылбек Жээнбековдун таасири болгон жок. Бул тууралуу депутат Сайдулла Нышанов билдирди.

Ал шайлоо учурунда парламентте Жээнбековдун суранып же бирөөгө ишарат кылганын көрбөгөнүн айтты.  Депутаттын белгилешинче, Жээнбеков да башка эл өкүлдөрү катары эле тажрыйбасы бар депутат. Ошондой эле жалпы жыйында чыгып сүйлөгөнгө укугу бар.

-Жыйында Асылбек Жээнбековдун кайсы багытта, кандай маңызда сүйлөгөнүн эл каалагандай кабыл алат. Мен ага эч нерсе айта албайм. «Ата Мекен» фракциясы башында Чынара Капаровага добуш берген, экинчисинде деле ошол талапкерге берди.

Сөздүн уландысында депутат Сайдулла Нышанов Жогорку Кеңешке азыр деле таасир эткен адамдар бар экенин кошумчалады.