Марал Радиосу

Кыргыз-катар таанышуу иш сапарын уюштуруу макулдашылды

10-февралында Кыргызстандын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Нуран Ниязалиев Катар Мамлекетинин кайрымдуулук иштер боюнча кызматынын Башкы менеджери Ибрагим бин Абдулла Аль-Дехайми менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Сүйлѳшүү учурунда Нуран Ниязалиев социалдык мекемелерин куруу жана жергиликтүү калкка жардам берүү багытында биргелешкен иш-аракеттерди улантууну сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында таанышуу иш сапарларын уюштуруу макулдашылды.