Марал Радиосу

АКШ өкмөтү кайрадан иш таштайт

АКШнын парламентиндеги демократтар менен республикачылар өкмөттүн иш таштоосунун алдын алуу үчүн 2019-жылдын бюджетин бекитүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүшүп, ал туңгуюкка кептелди. Ошентип президент Дональд Трамп белгилеген мөөнөт 15-февралда бүтүп, өкмөт кайрадан иш таштап, «шатдаунга» барышы ыктымал. Бул тууралуу BBC жазды.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн бир чечимге келе албаганына Трамптын Мексика менен чек арага курулчу дубал үчүн 5,7 млрд доллардан баш тартпай жатканы жана демократтардын миграциялык кызматтын ишине шарт коюшу себеп болду. Оппозиция миграциялык кызмат криминалдык өтмүшү бар мигранттарды гана чек арада кармап, калганын киргизүүсүн талап кылууда.

Эске салсак, буга чейин өлкө тарыхында эң узак «шатдаунг»а барган АКШ өкмөтү шарттуу түрдө 25-январда ишке чыккан. Президент Трамп 15-февралга чейин бюджет бекитилбесе, өкмөт кайрадан эшиктерин жабарын эскерткен болчу.

Exit mobile version