Марал Радиосу

Коопсуз шаар: Жол кырсыгы 60 пайызга чейин кыскарат

Бишкек шаарынын көчөлөрүндө катталган жол кырсыктары 60 пайызга чейин кыскарат. Мындай божомолду Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгына караштуу Мониторинг борбору берип жатат.

Үстүбүздөгү айда камералар пилоттук негизде иштеди. Жол эрежесин бузгандар дээрлик 30 пайызга чейин кыскарган.

Эскерте кетсек, Жол эрежесин бузган айдоочулар өздөрүнө салынган айыппулдун өлчөмү менен алдын-ала кыргыз өкмөтүнө караштуу uslugi.gov.kg сайтынан да тааныша алышат. Аталган сайтта «Жол кыймылынын эрежелерин бузганы үчүн айыппулду текшерүү» деген баракчага кирип, өзүнүн идентификациялык маалыматы менен автоунаасынын мамлекеттик номурун жазса, жол эрежесин кайсы жерден, качан, кантип бузганы, ал үчүн канча сом айыппул төлөй турганы тууралуу маалыматтар чыгат.

12-февралдан тартып «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи фазасы тест режиминде иштей баштайт. Анын алкагында Бишкектеги 10 кесилишке камера орнотулуп, 17 стационардык, 20 көчмө программалык аппарат комлекстери коюлат.