Марал Радиосу

Орусиядагы митингдерде он чакты киши кармалды

Орусиянын Москва жана Санкт-Петербург шаарларында өткөн нааразылык акциялардын онго жакын катышуучусу кармалды. Бул тууралуу Centralasian сайты жазды.

Маалыматка ылайык, «Ачык Орусия» уюмунун активисти Анастасия Шевченкого тилектештик билдирген мындай жүрүштөр Екатеринбург, Ярославль, Казан, Махачкала, Орёл жана башка шаарларда дагы өттү. Активистке каршы «Орусияда дурус эмес деп табылган уюмдун ишмердүүлүгүн жүргүзүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Январдын аягында Шевченконун 17 жаштагы кызы ооруканада каза болгон. Ал өзү үй камагында болгондуктан, анын ооруканага барып, кызынын жанында болуусуна дароо уруксат беришкен эмес.

«Аны жарандык позициясы үчүн үй камагына алып, кызын көрүүгө ооруканага баруусуна тыюу салышты. Бүгүнкү күндө аялдарды, энелерди жакшы келечекти каалагандыгы үчүн куугунтуктоо — кадимки көрүнүшкө айланды!», — деп жазышты акциянын уюштуруучулары Фейсбук социалдык түйүнүнө.

Укук коргоочулар жана активисттер бийликти эне менен кыздын укугун бузду деп айыптап жатышат.

Москвадагы жүрүшкө жүздөгөн, ал эми петербургдагы митингге 150 чамалуу киши катышты.

Кошумчаласак, бир күн мурда Екатеринбургдагы акция маалында бир киши кармалган болчу.

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму Анастасия Шевченкону абийир туткуну деп таап, бийликти аны тез арада бошотууга чакырган.