Марал Радиосу

Спорт ордосун сатуу сунушталды

Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосун сатуу сунушталды. Жогорку Кеңеш депутаты Кубанычбек Нурматов фракция жыйынында ижарага берүү керектигин айтып чыкты.

Эл өкүлүнүн демилгесин фракция лидери Алмазбек Баатырбеков дагы колдоого алды.

«Эгер спорт сарайы оңдоп, ижарага берүү идеясын колдойм»-деди.

Өз кезегинде спорт ордосунун жетекчиси Канат Шабданбаев мамлекетке караган жайды жеке колго өткөрүү мыйзамга каршы келет»-деп айтты.

Анын айтымында спорт ордосу мамлекеттин маданий-спорттук иш-чараларды өткөргөн жалгыз имараты болуп саналат. Бүгүнкү күнү бюджеттен оңдоп-түзөөгө бир сом бөлүнбөйт.Ошондуктан сатуунун ордуна депутаттарды оңдоп түзөөгө каражат бөлүүгө чакырды.