Марал Радиосу

Жоокерди ур-токмокко алган чек ара кызматкери кармалды

Талас облусунда катардагы жоокерди сабаган Чек ара кызматынын кичи сержант кармалды.  Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы кабарлайт.

Ведомствонун маалыматына караганда шектүү Бишкек шаарында күзөтчүлөрдүн бөлмөсүнөн табылган. Иш сотко өттү.

Белгилей кетсек, жабырлануучу Кубан Молдалиев бир көзүнөн ажыраган. Кармалган сержант болсо, жоокерди урбаганын айтууда.

Кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө кичи сержант жана коменданттык бөлүмдүн кол башчысы кызматтан бошотулду.