Марал Радиосу

Францияда кайрадан «сары кемселчендер»

9-февралда Франциянын борбору Парижде кайрадан «сары кемселчендер» акциясы өтүп, бул жолу катуу башаламандыктар менен коштолду. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, катышуучулар  парламенттин тосмосунан ашып түшүп, ичкери кирүүгө аракеттенишкен. Арасында полициянын газ жардыргычынан жабыркагандар болгону кабарланды.

Бул дем алыштагы нааразылыктарга өлкө боюнча 12 миңден ашуун адам катышканы маалым болду.

Эске салсак, өкмөттүн дизел майына карата бааны жана салыкты көтөрүүсүнө каршы башталган «сары кемселчен» митингдерине үч айдын жүзү болду. алар ар дем алыш күндөрү көөгө түрдүү талаптар менен чыгышууда.