Марал Радиосу

Бишкек: Фучик көчөсүн кеңейтүү иштери баштады

«Бишкекасфальтсервис» ишканасы Бишкек шаарындагы Фучик көчөсүн кеңейтүү иштерин баштады.

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, оңдоо иштери Жибек Жолу проспектисинен аэропортту көздөй кеткен жолдо жүрмөкчү.

Жолду бойлой орнотулган 280 темир тосмо убактылуу алынып, көчө кеңейтилгенден кийин кайра коюлат. Алар «Тазалык» ишканасынын базасында сакталып турат.

Белгилей кетсек, тосмолорго 2016-жылы 3,6 миллион сом сарпталган.