Марал Радиосу

АКШ Ооганстанда согушкерлерге каршы чабуулду күчөттү

АКШнын Ооганстандагы куралдуу күчтөрү «Талибан» кыймылынын согушкерлери менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алкагындагы чабуулдарын күчөттү. Бул тууралуу New York Times билдирди.

Ага ылайык, Пентагон Ооганстанда талибдерге каршы абадан сокку урууну күчөткөн.

АКШ мындай саясатты сүйлөшүүлөрдөгү кошумча колдоо катары пайдаланып жатканын белгилейт. Аны менен бирге сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө «Талибандын» өкүлдөрү АКШ тараптан чабуулдардын саны көбөйгөнүн атып арызданууда.