Марал Радиосу

Трамп Түндүк Кореянын лидери менен кайсы жерде жолугарын айтты

Trump e Kim Jong Un em Cingapura 12/6/2018 KCNA via REUTERS

АКШ президент Дональд Трамп Түндүк Кореянын өлкө башчысы Ким Чен Ын менен Ханой шаарында жолугушат. Бул тууралуу Трамп Twitter’деги баракчасына жазды.

Буга чейин Трамп менен Ким Чен Ындын жолугушуусу 27-28-күндөрү Вьетнамда өтөрү айтылган.

Белгилей кетсек, АКШ менен Түндүк Кореянын алгачкы саммити 2018-жылдын 12-июнунда Сингапурда өткөн.