Марал Радиосу

12-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн

Кыргызгидромет борбору 14-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Ага ылайык,  бүгүн, 9-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. 10-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

11-февралда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. 12-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Ал эми 13-14-февраль күндөрү мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.