Марал Радиосу

«Бай түшүм»: “Мобильник” ишканасы техникалык көйгөйүн чече элек

“Мобильник” ишканасы техникалык көйгөйлөрүн чече элек. Бул тууралуу «Бай түшүм» банкынан кабарлашты.

«Бай түшүм» банкы техникалык көйгөйлөрдүн чечилбегенине байланыштуу акча берүүлөдү жана которууларды баштай албай жатат.  Аталган банк “Мобильник” ишканасынын техникалык көйгөйлөрүн кыска мөөнөттө чече турганына ишенүү менен техникалык көйгөйлөрдүн чечилиши менен акчаларды которуу жана чыгарып алууну баштамакчы.

Кошумчалай кетсек, өткөн жумада “Мобильник” ишканасы техникалык көйгөйлөрдөн улам ишин токтоткон. Мындан улам аталган ишкананын кызматын колдонуудан “Түндүк электр”, “Ош электр” жана MegaCom компаниялары баш тарткан. Кийинчерээк убактылуу кызматташыкты тототуп туруу боюнча Beeline, О!, «Акнет» интернет кызматы жана Бишкек жылуулук борбору жарыялашкан.