Марал Радиосу

Москвада туристтерди сүзүп алган Чыңгыз Анарбек уулу акталды

Өткөн жылдын жайында Москвада жөө жүргүнчүлөрдү кокустан сүзүп алган Чыңгыз Анарбек уулу акталып, абактан бошотулду. Мындай маалыматты “Замандаш” партиясынан билдиришти.

Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 8-февралында Смоленск облусунун соту Чыңгыз Анарбек уулун мөөнөтүнөн мурда бошотуу өкүмүн чыгарган.

«Башында прокурор абдан каршы болуп жатты. Азыр баары жакшы болуп бүттү. 2019-жылдын 19-февралында мени абактан чыгарышат. Бошоткон соң 10 күн кармашат экен. Кыргыз элимдин колдоосу үчүн ыраазымын”, — дейт Чыңгыз Анарбек уулу.

Эске салсак, 2018-жылы 16-июнда Москва шаарында футбол боюнча дүйнө чемпиондугу өтүп жаткан учурда такси жолдон чыгып, жөө бара жаткан кишилерди кокустан сүзүп алган. Унааны кыргызстандык жаран Чыңгыз Анарбек уулу башкарып бараткан.

2018-жылдын октябрь айында кыргызстандык жаранды Москва шаарынын Тверск соту 1 жыл 6 айга кара жумушка тартуу менен айлык маянасынан 15%ын кармай турган болуп, 3 жылга чейин авто унаа айдоо укугунан ажыраткан болчу.