Марал Радиосу

Өлкөдө киберспорт улуттук тизмеге киргизилди

Өлкөдө киберспорт спорт түрлөрүнүн улуттук тизмесине киргизилди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, Дене тарбия жана спорт агенттиги тиешелүү буйрукка 2018-жылы декабрда кол койгон.

Мындан тышкары, Кунг-фу, чир-спорт жана керлинг дагы улуттук тизмеге киргизилди.

Exit mobile version