Биз менен байланышыңыз

Өкмөт Бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыска кабар | 8 Фев 2019 | 870 | 1

Жогорку Кеӊеште  “КР Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, өкмөттүн өтүнүчү жана баардык парламенттик фракциялардын макулдугу менен дароо эле экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жыйында айтылгандай, “Бузуулардын бирдиктүү реестрин” иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн. Ошонун негизинде 2019-жылдын башынан тарта күчүнө кире турган бир катар мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

Вице-премьер-министр Жеӊиш Разаков “түкүрүк” үчүн айыппул азыр 8-категориядан “бейбаштык” беренесиндеги 1-категорияга которулганын, айыппулдун өлчөмү 1000 сомду түзө турганын билдирди. “Өкмөт жаӊыдан күчүнө кирген укук коргоо жаатындагы ченемдик укук актыларына тийиштүү өзгөртүүлөрдү март айында парламенттин кароосуна киргизет. Мыйзамдарда көптөгөн кемчиликтер бар экен, азыр анын үстүндө иштеп жатабыз”, — деди ал.

Андан тышкары, жолдо жүрүүнүн техникалык регламентке байланыштуу тартип бузуу жоболорун өз ара шайкеш келтирүүгө багытталган мыйзам долбоору да өкмөттүн өтүнүчү жана баардык парламенттик фракциялардын макулдугу менен дароо эле экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 1-январынан тарта укук коргоо жаатындагы 5 кодекс жана 2 мыйзам күчүнө кирген.  Алар Кылмыш-жаза кодекси,  Жоруктар жөнүндө кодекси, Жазык-процесстик кодекси, Жазык-аткаруу кодекси, Бузуулар жөнүндө кодекси, “Пробациялоо жөнүндө” жана “Мунапыс негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамдар.

1 пикир

1 пикир

  1. Миргуль .Москва шаары

    08.02.2019 19:58

    Мен Москва шаарында иштеп журом.Ушул чыгарылган жанылыктарды окуп ойго баттым.Акчасы барлар турмого отурбай эле качып кетти деп анан кеткенден кийин айтышат.ошол жеп ичкендерди мыйзамды катту колдонуп качан элди ойлойт лейм да.Биз бьалдарыбызд корбой 12 сааттан 15саатка дейре иштеп ден соолуктан айрылып атабыз.Мумкун болсо.Кыргыздар онугобу же улулттан айрылуу коркунучу бар учун элге кам корулбойбу .Деп да ойлоп кетет экенсин айласыздан.Кытайлар басты деп окуп ото кайгырасын колунан эмне келет.Карапайым элдин.Башка олкодогудой жашоо орнойбу будомук.Келечек барбы озу Кыргызстандын жаш муундарында.???????Миргуль

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM