Марал Радиосу

Бажы кызматынын жаңы орун басары дайындалды

Султан Мамасадыков Бажы кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул маалыматты аталган ведомстводон тастыкташты.

Кошумчалай кетсек, 2016-жылдын апрель айында Мамасадыков Борбордук бажыны жетектеген. Андан соң Түштүк-Батыш бажыны башкарып турган.