Марал Радиосу

Үметалиев: ЕАЭБ Кыргызстанга пайда алып келбейт

Бийлик ЕАЭБдин терс таасирлери тууралуу маалымат бербейт. Ошентсе да алар көрүнүп турат. Мындай пикирин Kyrgyz Concept ишканасыны негиздөөчүсү, мурдагы Экономика министри Эмил Үметалиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Үметалиев жөнөкөй жарандар Кыргызстан ЕАЭБге кирген соң көп өтпөй биримдиктин терс таасирлерин дароо сезишкенин айтат.

«Эки жылдан соң жумушчу орундар кыскарып, ишкерлердин кирешеси, өнүгүүгө жана инвестицияга карата пландар азая түштү. Экономикалык жана социалдык көрсөткүчтөр Кыргызстан ЕАЭБге кирип өзгөчө өнүгүүгө жетпей калганын далилдеп турат. Биримдикке кирбей койгонубузда эмне болорун так айтуу кыйын. Бирок ЕАЭБ пайда алып келбейт. Биримдиктеги мамлекеттерде авторитаризм, саясий бийликте, экономикада узурпация көп. Орто катмардагы жана жөнөкөй жарандарда экономикалык эркиндик аз. Бул эрежелер бизди артка түртүп жатат. Бизде биримдикке киргенге чейин жөнөкөй жарандар үчүн мүмкүнчүлүктөр кенен болчу«, — дейт Үметалиев.

Ал мындан сырткары, Кыргызстан ЕАЭБге коркутуулар менен киргенин, аталган биримдикке кирүүдөн баш тарткан Украинанын экономикасы көтөрүлүп, өлкөдө көптөгөн ишканалар курулуп жатканын кошумчалады.