Марал Радиосу

2018-жылы Жалал-Абад облусунда 642 өрт кырсыгы катталган

2018-жылы Жалал-Абад облусунда  642  өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык аталган облустун аймагында 2 мектепке чейинки мекемеде да өрт кырсыгы катталып, 2 783 899 сом чыгым болгон.

Өрт коопсуздук эрежелерин жана өрт өчүрүү жабдууну кантип колдонуу керектигин практика жүзүндө түшүндүрүү максатында, 6-февралда Жалал-Абад шаарындагы № 4 «Алтын балалык» мектепке чейинки мекемесинде Жалал-Абад шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

Машыгуунун соңунда балдар бакчасынын кызматкерлерине өрт коопсуздук эрежелерин жана өрт өчүрүү жабдууну кантип колдонуу керектигин практика жүзүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.