Марал Радиосу

Техникалык мүчүлүштүктөн улам абага көтөрүлгөн учак аргасыз конду

Техникалык мүчүлүштүктөн улам Бишкек-Стамбул багытындагы учак «Манас» эл аралык аэропортунда учпай конууга аргасыз болду.

«Pegasus» компаниясынын PC701 каттамы бүгүн 7-февралда таңкы саат 7:05те учмак. Жүргүнчүлөр учакка отургузулгандан кийин техникалык кемчилик аныкталып, элди кайра түшүрүшкөн. Каттам саат 10:30га жылдырылып, бирок ал да аткарылган жок.

Азыркы тапта учак оңдолуп учууга даярдык көрүүдө.

Аэропорттун басма сөз кызматы рейсти 18:30га жылдырылганын кабарлап жатат.