Марал Радиосу

Канат Жумагазиев  Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы болду

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп Канат Жумагазиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев кол койду. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Канат Жумагазиев  Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы болуп келген.