Марал Радиосу

Ошто эки күнгө газ өчөт

Ош шаарынын айрым аймактарында эки күнгө газ берүү өчөт. Бул тууралуу  «Газпром Кыргызстан» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, төмөнкү даректерде газ берүү убактылуу жок болот;

— 7-февралда саат 10:00-15:00 чейин Монуев, Памирский, Фуркат, Маруфий, Бакинский көчөлөрүндө;

— 8-февралда саат 9:00-17:00 чейин Туран к/р, Ишматов, Шаумян, Толонов, Крылов, Физкультурний көчөлөрүндө.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.