Марал Радиосу

Ысык-Көл облусунда катуу шамал катталды

Бүгүн, 6-феварлда саат  16:00 чамасында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында ылдамдыгы секундасына 15-28 метрге жеткен катуу шамал катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Катталган шамалдан «Чолпон-Ата суу канал» муниципалдык ишканасынын чатырынын 185 чарчы метри учкан.

Учурда  Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иш-чаралары жүрүүдө.