Марал Радиосу

Бишкекте Иран кино күндөрү өтөт

Бишкекте Иран киносунун күндөрү башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Ага ылайык 6-февралда башталган маданий өнөктүк Ирандагы Ислам революциясынын 40 жылдыгына арналып өткөрүлүүдө.

Программада эки фильм каралган. 7-8-февраль күндөрү «Дем» жана «Суу пери» тасмалары көрсөтүлөт. Кино чыгармалары Сокулук районунун Ново-Павловка айылында Чыңгыз Айтматов атындагы мектеп-лицейде, Кыргызстандын эл аралык университетинде коюлат.