Биз менен байланышыңыз

Нуракун уулу: Төрага менен жолугушууга «алдап кетпей турган» медиалар чакырылды

Саясат | 6 Фев 2019 | 2094 | 1

5-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков айрым журналисттер менен бей формал жолугушуу уюштурду. Ага кайсы массалык маалымат каражаттардын өкүлдөрү чакырылганы айтылган жок. Бул баарлашуу тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы «Марал» радиосуна билдирүү жиберген эмес. Төрага Дастан Жумабековго «Марал» радиосунун да бере турган суроолору көп болчу. Мындан улам Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулуна суроо узатып, себебин билүүгө кызыктык.

-Ибрагим мырза, төрага Дастан Жумабековдун бейформал журналисттер менен жолугушуусуна биздин радио эмнеге чакырылган жок?

-Буга чейин спикер менен жолуккан журналисттерди эле чакырдык. Атайын жолугушууну деле уюштурган жокпуз. Болгону төраганын өзү менен сүйлөшүп жүргөндөрдү чакырып койдук. Бул — формалдуу эмес жолугушуу.

-Бирок бардык ММКга бирдей мамиле кылууга тийиш да…

-Буга чейин мага келип, сүйлөшүп жүргөндөрдү эле чакырып койдук. Мындай «ишенимдүү, алдап кетпейт» деген массалык маалымат каражаттардын өкүлдөрү эле. Бир эле «Марал» радиосун эмес, сырттан жазылып жүргөндөрдү дагы чакырбадык. Анан суроосу бар журналисттерди келгиле дедик. Бейформал жолугушууда төрагага суроосу бар журналисттерге жооп алып бердик. Бул маалымат жыйыны эмес. Эгерде маалымат жыйын болуп калса, баарыңарды чакырабыз.

-«Марал» радиосу Жогорку Кеңештин, анын ичинде төрага Дастан Жумабековдун ишмердүүлгүн, сүйлөгөн сөзүн чагылдырып келет. «Алдап кетпеген» деген сөзүңүздү толуктап кетсеңиз.

Алдадыңар деген жокмун. Буга чейин суроо менен келген жоксуңар да. Мага журналисттер спикерге мындай суроом бар деп келишет. Алардын тизмесин түзөм, көп деле эмес, 10дой. Баары менен таанышмын. Анан төрагага: «Мындай журналисттин сизге суроосу бар экен, маалымат жыйынын берелиби?» — деп сураймын. Маалымат жыйынын бере албаса, чай үстүндө эле баарлашып коюсун айтат. Эгерде бейформал жолугушууга журналисттердин баарын чакырсак, анда маалымат жыйыны болуп калат.

-Редакция бир эле суроо менен эмес, түз эфирге төраганы чакырып, көп эле жолу кайрылып жатат.

-Эфирге бара албаган үчүн бейформал жолугушуу уюштурууда. Азыр брифинг дагы өткөрө албай жатат.

-Бул көрүнүш биринчи жолу болгон жок. Буга чейин Түркиянын төрагасы менен Дастан Жумабековдун  жолугушуусуна «Марал» радиосунун кабарчыларын чакырбадыңыздар. Мындан улам бизде суроо пайда боло баштады.

-Түркиянын спикери келгенде «Марал» чакырылбады беле? Мындай жыйындарга баардык ММКларды чакырабыз. (P.S оюн толуктаган жок.)

1 пикир

1 пикир

  1. ЭСА

    07.02.2019 12:37

    Ибрагим өзү жем жеген акырдын кырына да чыга албай калыптыр,бирок аны да түшүнсө болот,ээн эркин кыймылдай албасын. Акылдашпай иш кылып койсо, эртең өзү кире албай сыртта калгандардын катарына кошулуп калмак.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM