Марал Радиосу

Ири өлчөмдө сымап сатууга аракет кылгандар кармалды

Ички иштер министрлигинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгы өлкөнүн түштүгүндө чоң өлчөмдө сымап сатууга аракет кылгандарды кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министирлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

2019-жылдын 3-февралында Ички иштер министрлигинин банги заттарды мыйзамсыз өндүрүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан уулу зат болуп эсептелген сымапты сатып жаткан жеринен 1956-жылы туулган М.Р. жана 1978-жылы туулган Х.Ш. аттуу жарандар кармалган.

Кармалган жарандырды текшерүү учурунда 100 килограммдан ашуун сымап табылган.

Учурда бул ишке байланыштуу ыкчам иликтөө иштери жүрүүдө.