Марал Радиосу

Бишкекте бир катар троллейбустар токтоп калды

Бишкек шаарынын бир катар троллейбустары жүрбөй калды. Бул тууралуу шаардык башкармалыктан маалымдашты.

Ага ылайык, троллейбустун башкармалыгындагы подстанцияда авариялык абал жаралган. Анын кесепетинен 11, 14, 2, 9 жана 7-каттамдагы троллейбустар жүрбөй калды.  Манас проспекти боюнча Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин, Киев көчөсү боюнча жана Жибек-Жолу проспекти боюнча троллейбустар токтоп турат.