Марал Радиосу

ОСАГО полисин аткаруу 2021-жылга калтырылды

Өкмөт «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамды аткаруу мөөнөтүн  2021-жылга жылдыруу демилгесин колдоду.

Эске салсак, 7-февралдан тарта аталган мыйзам күчүнө кирмек. Бирок аны милдеттүү арткаруу мөөнөтүн 2021-жылга жылдыруу сунушун парламент депутаттары берген.

Долбоорунун максаты–автотранспорт каражаттарын пайдаланууда болгон кырсыктын натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтурууга жабырлануучунун жана компаниянын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо коргоо болуп саналат.

Exit mobile version