Марал Радиосу

«Манас» аба майданы штаттык режимде иштей баштады

«Манас» аба майданы штаттык режимде иштей баштады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлайт. Аба майданда 10:00 баштап учактар өз мөөнөтүндө уча баштады.

Эске салсак калың жааган кардан улам “Манас” аба майданында таңкы саат 6:30дан баштап учуулар токтотулган.

Буга байланыштуу учуп келүүчү жана кетүүчү 10 каттам кармалып жатканы кабарланган.

Стамбул жана Дубайдан келген учактар Ташкентке конгон.