Марал Радиосу

Ибраимов: “ЮСАИД” ийгиликтүү долбоорлорду гана каржылап жатат

“ЮСАИД” уюму Кыргызстандагы айрым долбоорлорду каржылоону токтоткон. Болгону ийгиликтүү долбоорлор гана каржыланууда. Алардын көпчүлүгү — саламаттыкты сактоо тармагына тиешелүү долбоорлор. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин мурунку орун басары Эрмек Ибраимов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, АКШнын каржылык жардамынын көпчүлүгү Афганистан, (5,7 млрд доллар), Ирак, (3,7 млрд доллар), Израиль, (3,2 млрд доллар), Египет жана Кения мамлекеттерине туура келет. Ал эми Кыргызстан 100 млн долларга чейин каржылык колдоо алган мамлекеттердин катарында.

Ибраимов буга кошумча, АКШ дүйнөнүн бардык мамлекеттери менен алака түзүүгө, ал өлкөлөрдө адам укуткраны коргоп, демократияны өнүктүрүүгө кызыктар экенин белгиледи.

Казакстанда Америка менен саттуу түрдө жакшы мамилеси бар. Өзбекстан менен Тажикстанда да аталган өлкө менен өзгөчө көйгөйлөр жаралган эмес. АКШ — биздин көз карандысыздыгыбызды биринчи таанып, Кыргызстанга элчилигин ачкан экинчи мамлекет. Американын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары эң башкысы эки тарап дагы мамилелерди жакшыртууга кызыктар болгону маанилүү экенин белгилеген. Мен аны Америка тараптан биз үчүн андан ары өнүгүүгө карап айтылган белги катары түшүндүм. Парламент төрагасынын АКШнын КРдагы элчисин кабыл алганы нормалдуу нерсе. Өтө курч кырдаалда да диалогду сакташ керек”, — дейт Ибраимов.