Марал Радиосу

«Манас» аба майданы иштей баштады

Эл аралык “Манас” аэропортундагы текшерүү аяктап, иш улана баштады. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн 14:41де аба майданга бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Улуттук коопсуздук комитетинин жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери имаратты эвакуациялап, текшерүү ишин жүргүзгөн.

Атайын органдар аба майдандагы окуя тууралуу маалымат бере элек.