Марал Радиосу

«Манас» аба майданына бомба коюлгандыгы кабарланды

Эл аралык “Манас” аэропортуна бомба коюлгандыгы кабарланды. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, учурда укук коргоо органдары тарабынан текшерүү иштери жүрүүдө. Маалымат 5-февралда саат 14:41де келип түшкөн. Аба майдандагы кызматкерлер жана жүргүнчүлөр эвакуацияланды.

Сүрөт: Шайырбек Маматокторов