Марал Радиосу

Өлкөдө кылмыштардын саны өстү

Кыргызстанда кылмыштардын саны өстү. Бул тууралуу 5-февралда Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев маалымат жыйында айтты. 2018-жылдын жыйынтыгында кылмыштар 7,4 пайызга өскөн. Бирок оор кылмыштардын көрсөткүчү 13,6 пайызга кыскарган.

Бир жылда 29 миң 718 кылмыш катталган. Анын 19миң 861 иштин бети ачылган.

Ошондой эле баңгизатка байланыштуу 1395 факты катталган. Ыкчам жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында 16 миң тонна баңгизат колго түшүрүлгөн.