Марал Радиосу

«Сууну коңшу мамлекеттерге товар катары сатууну кечиктирбөө зарыл»

Коңшу мамлекеттерге сууну товар катары сатууну кечиктирбөө зарыл. Аны бүгүнкү күндөн тарта баштасак дагы болот. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Айтмамат Назаров “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Эл өкүлү Суу кодекси жана «Суу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилсе, мыйзамдын кийинки этабында сууну жаратылыш ресурсу катары коңшу өлкөлөргө сатуу маселеси каралат.

«Сууну товар катары бири-бирине саткан мамлекеттер бар. Алсак, Канада Америкадан агып келген дарыялар үчүн акы төлөйт. Дүйнөдө таза суу дефицит болуп бара жатат, мындан улам эмне үчүн биз таза суу үчүн каражат албашыбыз керек? Газды деле сатып алып жатпайбызбы. Анын үстүнө биз коңшу өлкөлөргө сууну топтоп, агызып берип жатабыз. Аларга сууну товар катары сатуу маселеси сүйлөшүү жолу менен чечилет. Суу ресурсуна болгон төлөмдөн түшкөн каражат суу жетпеген жерлерди камсыз кылуу үчүн колдонулат», — дейт Назаров.

Анын айтымында, курулуп калган каналдар, суу сактагычтар сууну жеткирип берүү акысынан түшкөн каражаттын эсебинен кармалат. Бирок ал каражат чыгымдарды араң жабат. Алсак, Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычынын абылы оор, капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж.

«2000-жылдары өкмөт Кыргызстан коңшу өлкөлөргө суу үчүн 140 млн доллар төлөгүлө деген эсеп койгон. Бирок ал эсеп алынган эмес. Камбар-Ата ГЭСин куруу боюнча Орусия менен келишим түзгөндө Өзбекстандын экс-президенти Ислам Каримов каршы чыгып, БУУга чейин барган. Кийин жаны президент Шавкат Мирзиёев менен ГЭСти чогуу иштетүүгө келишим түзүлгөн», — дейт Назаров.

Анын билдиргенине караганда, Өзгөндөгү Кемпир-Абад суу сактагычынын эксплуатациясы коңшу Өзбекстандын колунда. Кыргыз тарап бекер суу алып турат, бирок аталган суу сактагыч менен маселе толук чечиле элек.

Белгилей кетсек, өкмөт сууну товар катары сатуу үчүн «Суу кодекси» жана «Суу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору 4-февралда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде 3-окууда жактырылган.

Exit mobile version