Марал Радиосу

Бешимов: Орусиянын аскердик базасынан материалдык пайда келбейт

Орусиянын экинчи аскердик базасынын Кыргызстанга курулуусу тууралуу кептер коомчулукта кызуу талкууланууда. Ага Орусиядагы Кыргызстандык толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп жаңы эле дайындалып барган Аликбек Жекшенкуловдун орусиялык басылмага берген маеги себеп болду. Анда ал, Кыргызстан аскердик базанын курулуусунан баш тартпасын билдирген. Бирок бүгүн Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Бишкекке келип, журналисттерге берген маегинде мындай демилгени орус тарап көтөрбөгөнүн, биринчи жолу угуп жатканын билдирди. Буга байланыштуу аталган базаны курууга муктаждык, тараптардын кызыкчылыктары жана күңгөй-тескейи тууралуу Тышкы иштер министринин мурунку орун басары Аскар Бешимов менен «Күн чекит» программасынын алкагында маек курганбыз.

Марал: Бир топ жыл мурун көтөрүлгөн маселе эмне себептен бүгүн кайрадан актуалдуу болуп чыга келди? Аскердик базаны ачууда Орусия кандай максатты көздөшү мүмкүн?

Бешимов: Менимче, биринчи кезекте Ооганстан тараптагы коркунучтун алдын алууну көздөп жатышы мүмкүн. Анткени учурда ал жер Талибан, ИШИМ сыяктуу террордук топтордун уюгуна айланууда. Бул Орто Азия мамлекеттери үчун олуттуу коркунуч. 

Эсиңерде болсо Баткен окуясында андай топтордун бир эле бөлүгү кирип, өлкөгө кандай тополоң салып жиберген? Ал сыяктуу кырдаалда аймактын коопсуздугун коргоо оңой болбой калары бышык. 

Марал: Анда бул Орусияга караганда көбүрөөк Кыргызстандын кызыкчылыгына төп келүүдө эмеспи?

Бешимов: Жок, мында бир эле Кыргызстандын эмес, түздөн-түз Орусиянын да кызыкчылыгы бар. Анткени Орто Азияда кокус бирдеме чыкчу болсо, ал, албетте Орусияны буйтап өтпөйт.   Бир эле мисал, Орусиянын аймагындагы мусулмандардын саны абдан көп. Арасында терроризмге ыктаган топтор да аз эмес. Ошондуктан Орто Азиянын коопсуздугу-Орусиянын да коопсуздугу.

Марал: Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Бишкекке болгон сапарында мындай демилге Кремлде көтөрүлбөгөнүн, биринчи жолу укканын билдирди. Мындан чыкты, аскердик база курууга муктаждык деле сезилбеген го?

Бешимов: Бул маселе сүйлөшүүлөрдөн кийин гана ачыкка чыгат. Лавров айткандай, ортодо анык бир демилге жок азырынча. Эки тарап алгач буга муктаждык бар-жогун аныктап сүйлөшкөн соң гана бирдеме дегенге болот. Себеби база куруу дароо эле ишке ашып кетчү оңой иш эмес. Анын макамы, жайы, функциясы жана убактысын белгилөө сыяктуу толгон-токой маселеси бар.

Марал: Орусиядагы жаңы элчи Аликбек Жекшенкулов мындай базанын курулуусунан Кыргызстан баш тартпасын айтты. Кыргызстан үчүн коопсуздуктан сырткары материалдык пайдасы да барбы сиздин оюңузча?

Бешимов: Жок, материалдык пайда тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес. Анткени бул ЖККУнун алкагында атайын келишимдин негизинде болуусу мүмкүн. 

Канттагы базаны эле карасак, Кыргызстан үчүн материалдык эч кандай пайдасы жок. Келишим боюнча акы төлөө шартталган эмес. Теркерисинче, база үчүн коммуналдык-суу, жылуулук жана электр энергиясы үчүн чыгымдарын Кыргызстан тарап жабышы керек болот. 

Марал: ЖККУ демекчи, мындан бир топ жыл мурун дагы ушул уюмдун алкагында кыргызстандын түштүгүнө аскердик база куруу тууралуу кептер чыкканда ага мүчө эмес Өзбекстан каршылыгын билдирген жайы бар. Эгер, Жекшенкулов айткандай, базанын түштүк аймакка курулуусу демилгеленип калса коңшу мамлекетибиз менен мамилебизге таасир этпейби? Же режими алмашып, көз карашы да өзгөрүүсү ыктымалбы?

Бешимов: Мындай долбоор ЖККУнун негизинде болгону үчүн сөзсүз түрдө коңшу мамлекеттер менен керектүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Буга чейин уюмдун ичиндеги өлкөлөр менен келишимге келген сыяктуу, мындан ары да ошондой эле жол менен иш алып барылат деп ойлойм. Эмнеси болсо да мамлекеттин кызыкчылыктары ар кандай кырдаалда корголуула тийиш. 

Exit mobile version