Марал Радиосу

Tengrinews: «Мунайы жок Кыргызстан казактарды кийинткенде…»

Казакстандык Tengrinews басылмасы Кыргызстандагы жеңил өнөр жай, тагыраагы, тигүү тармагы боюнча макаласын жарыялады. Анда Кыргызстан кошуна өлкөнү кантип “кийинткени”, мунайы жок болсо да жан багып жатканы жазылган. Төмөндө ошол материалдын котормосун сиздерге сунуштайбыз.

Кыргызстанда жеңил өнөр жай улуттук экономиканын маанилүү тармагы болуп саналат. Ал жактан чыккан кийимдер КМШ өлкөлөрүнө; Беларусияга, Тажикстанга, Өзбекстанга экспорттолот. Бирок «Кыргызстанда жасалган» тигүү продукцияларынын стратегиялык базары – бул Орусия жана Казакстан. Кыргыздар оор болгон 90-жылдардан кийин кантип тигүү өндүрүшүн жандандыра алышты, өлкөдө жеңил өнөр жайы үчүн кандай шарттар каралган жана кыргыз өндүрүүчүлөрү эмнеге басым жасашат? Бул тууралуу Кыргызстандагы «Легпром» жеңил өнөр жай ишканалар ассоциациясынын президенти Сапарбек Асанов айтып берди.

Статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстанда тигүү иши менен 3 миңден ашык ишкана алектенет. Булар негизинен кичине жана орто бизнестер. Алар болжол менен жалпы үлүштүн 95%ын түзүшөт. Орто ишканаларда болжолдуу түрдө 60-100 киши иштейт. Кийинки жылдары өлкөдө ири тигүү цехтери пайда боло баштады.

«Биздин өлкөдө мунай жана газ жок. Чоң-чоң топ адамдар бир нерсе менен алек болуп, иштеп, өнүгүш керек болду. 90-жылдары Советтер Союзу кулап, эшиктер ачылды, өлкөгө Кытайдан, Түркиядан жана башка көп мамлекеттерден продукциялар кире баштады. Мунун негизинде бир суроо пайда болду: өзүбүз эле тиксек кандай болот? 90-жылдардын аягында бул тармак бизде стихиялык түрдө өнүгө баштады» — деди Сапарбек Асанов.

«2001-жылы биз расмий түрдө экспортту өнүктүрө баштадык. Эгерде 2002-жылы чыгарылган продукциянын көлөмү 500-700 млн сом болсо, азыр 8 млрд сомду түзөт. 2005-жылы бизде андан ары өнүгүү үчүн суроолор пайда боло баштады. 2004-жылы жеңил өнөр жай ассоциациясын түзүүнү чечтик. 2005-жылы тармактын көйгөйлөрүн чечүү үчүн «Легпром» ассоциациясы түзүлдү.

2005-жылы патенттик системаны киргизүү боюнча өкмөттүн токтому чыкты. Муну менен эле чектелген жок. Мекенибизде көптөгөн окуялар болуп өттү. Өкмөттүн, өнөр жай министрлигинин, Жогорку Кеңештин колдоосу менен 2006-жылы мыйзам кабыл алынды. Ушул учурдан баштап биз расмий түрдө ачык иштей баштадык. Албетте, ишкерлер оңой эле чуркап келе калышкан жок, биз түшүндүрүү иштерин үч жыл бою жүргүздүк. Патенттик система, башкача айтканда, бирдиктүү салыктын кириши ишкерлерге легалдуу иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүп берди. Бул чөйрөгө жада калса мугалимдер жана дарыгерлер да келишет. Ишкердиктин бул түрү менен демилгелүү адамдар иштей башташты. Анткени өзүңүздөр билгендей эле жумуш жок, ошондуктан жарандарга кандай болсо да жашап кетиш керек болду.

Бизде ар бир тигүү машинасына, жалданган жумушчуга төлөм жүргүзүлөт. Орточо эсеп менен ар бир жумушчуга болгон патент 15 долларлы түзөт. Кыргызстанда жети облус жана эки шаар бар – Бишкек жана Ош. Ар бир аймакта орточо айлык акы бар. КНСнын 12%ын жана киреше салыгынын 10%ын төлөйбүз. Бул жалданган жумушчу үчүн. Ар бир тигүүчү машина үчүн белгилүү бир салык төлөнөт. 1000-2000 сомго жетет. Булардын жалпы суммасынын 25% социалдык чегерүүгө кетет. Болду, мындан башка салык жок. Ушул нерсе ишкерлерге түрткү берди да, ачык иштеп, продукцияларды чыгарып жана экспорттой башташты. Кыргызстан өзү – бул кичинекей базар. Биз бир жылда орточо эсеп менен 80-100 млн бирдик продукция чыгарабыз жана 90-95% экспорттойбуз.

Жумушчулардын айлыгы да өзгөрүп турат, айына 15 миңден 60 миңге чейин жетет. Бул адамдын иштешинен жана чыгарган продукциянын көлөмүнөн көз каранды. Бүгүнкү күндө бул чөйрөдө 150 миңден ашык адам эмгектенет. Биздин өлкө үчүн бул – эң жакшы көрсөткүч.

Кыргызстанда өз ишин кантип ачса болот? Баштоо үчүн капитал анча чоң эмес. Эгерде 30 тигүү машинасын коё турган болсо, анда алардын ар бирөө 500-600 доллар болот. Чынында, 150-200 миң доллар жетиштүү.

Биз Sela, Zara ишканалары менен иштей баштадык, алардан буйрутма алып жатабыз. Алар азырынча анча чоң эмес партияларды тигип жатышат. Ири, дүйнөлүк бренддер өзүлөрүнүн репутациясы менен сыймыктанышат, алардын талабы башкача. Бүл жердеги биздин максат майда, орто ишканадан көтөрүлүү жана ири буйрутмаларды алып дал ушундай ишканага айлануу.

70% сырьё Кытайдан келет. Андан кийинки орунда Түркия, Өзбекстан, Түштүк Корея турат жана, албетте, өзүбүздөн чыккан жергиликтүү сырьё – бул пахта менен жүн. Жакында эле Чүй облусунда текстилдик фабрика ишке киришти.

Улуттук статкомдун маалыматына ылайык, акыркы он жылдын ичинде Кыргызстанга 110 миң тигүү машинасы киргизилген. Анткени бизде мунай, газ жок, биздин экономикабызда оңой эле банктан акча алып, башка бир бизнес баштоого мүмкүнчүлүк жок. Бул – абдан оор эмгек. Ал үчүн бир орунда отуруп иштөө кажет, нерв керек. Жөн гана «жеңил өнөр жай» деп айтылат, бирок бул абдан оор эмгекти талап кылат.

Мен сизди таарынткым келген жок, бирок Казакстанда, биринчиден, акчаңар көп. Экинчиден, мүмкүн базарда дал ушундай секторду түзүүнүн кажети жок болгон чыгар. Эгерде пенсияны, айлык акыны карай турган болсок, сатып алуу шарты бир канча айырмаланып турат. Буга жараша силерде бизде жок экономиканын башка сектору, башка тармак өнүккөн.

Жеңил өнөр жайын өнүктүрүү үчүн биринчиден, ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүш керек. Эгерде ылайыктуу жана аларга төп келген шарттар түзүлсө, мүмкүн бул продукцияны чыгара башташат. Бирок менин билишимче, мен эч кимди таарынткым келген жок, Казакстандагы жеңил өнөр жайдын абалы негизинен улуттук багытта. Ал эми Казакстанда мындай өнөр жай аз. Бар, бирок аз, бизде болгон көлөмдөй эмес.

Өткөн жылы өкмөт бизге 41 гектар жер бөлүп берди. Шаарлын четине биз өзүнчө өнөр жай зонасын куралы деп жатабыз, текстиль, тигүү тармагы боюнча. Ал жерде дүйнөлүк стандарттын талабына жооп берген ишканалар болот. Ошол жерде бренддерди тигебиз, ошол жерде Европага жана дүйнөлүк базарга чыгабыз. Жаз айларынан баштап бул долбоорду ишке ашырууну баштайбыз. Ал жерге 40 ишкана курууну карап жатабыз, 10 миңден ашык жумуш орун болот, жвна эң негизгиси бул өнөр жай зонасы дуйнөлүк стандарттын талабына жооп бериш керек», — деди Сапарбек Асанов.

Эскерте кетсек, буга чейин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлкөдө жеңил өнөр жайды өнүктүрүүнү, мырзалар жана айымдар үчүн заманбап кийимдерди тигүү керектигин айткан.

-Жеңил өнөр жайды калыбына келтирүү керек. Бизде баары бар; пахта, жүн булгаары бар. Армия, полиция кызматкерлери биздин кийимдерди кийиши керек. Биз бул өндүрүштүк саясатты өнүктүрөбүз, — деген.

Макаланын түп нускасы шилтемеде.