Кыргызтандын жана Орусиянын Акыйкатчыларынын буга чейинки макулдашууларынын негизинде Орусиянын айрым аймактарында жана облустарында Омбудсмендин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү дайындалды. Бул тууралуу тышкы иштер министирлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Тийиштүү кызматтык дипломдор төмөнкү өкүлдөргө тапшырылды:
-Белеков Жыргалбек Сабырбекович – Кыргызстандын акыйкатчысынын Орусиянын Ураль аймагы боюнча өкүлү.
-Айдаров Кубанычбек Куттузович – Кыргызстандын акыйкатчысынын Орусиянын Ханты-Мансийск жана Ямало-Ненецк автономду округу боюнча өкүлү.
-Абдырахманов Жээнмыра Абдырайимович– Кыргызстандын акыйкатчысынын Орусиянын Курган облусу боюнча өкүлү.
-Акматалиев Улан Мэлисович – Кыргызстандын акыйкатчысынын Орусиянын Екатеринбург жана Свердлов облустары боюнча өкүлү.
-Бакирова Зыйна Арзиматовна – Кыргызстандын акыйкатчысынын Орусиянын Челябинск шаары жана Челябинск облусу боюнча өкүлү.
Акыйкатчылардын негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет: Орусиядагы Кыргыз жарандарына жардам берүү, Кыргызстандагы орус жарандарына жардам берүү. Ошондой эле кыргыз жана орус жарандарынын укуктары менен эркиндиктерин коргоо.