Марал Радиосу

Кыргызстанга экинчи аскердик базаны ачуу — Орусиянын демилгеси эмес

Кыргызстанга экинчи аскердик базаны ачуу Орусиянын демилгеси эмес. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров айтты.

Бул тууралуу суроону ага 4-февралда Кыргыз-орус славян университетинде студенттер жана окутуучулар менен жолугуп жатканда сурашты. Анда ал жооп берип жатып бул маселени кеңешип көрө тургандыктарын билдирди.

Белгилей кетсек, Орусияга жаңы элчи болуп дайындалган Аликбек Жекшенкулов жергиликтүү басылмаларга маек берип жатып, бул тууралуу пикир айткан. Анда кыргыз бийлиги Орусиянын экинчи аскердик базасын ачуусун четке какпастыгын, бул маселе президент Владимир Путин Бишкекке келгенде талкуулана тургандыгын билдирген. 4-февралда Аликбек Жекшенкулов өзүнүн айткандары бурмаланып кеткендигин, анда Бишкектеги жолугушууда аскердик база тууралуу сөз болушу мүмкүн экенин гана болжогонун айтты.

Кошумчалай кетсек, Орусиянын алгачкы аскердик базасы 2003-жылы Кант шаарында ачылган.