Марал Радиосу

Быйыл Туризм департаментине бюджеттен 50 млн сом бөлүндү

Туризм департаментине быйыл мамлекеттик бюджеттен 50 млн сом каралган. Бул тууралуу аталган департаменттин башчысы Максат Дамир уулу  “Марал” радиосуна билдирди. Анын белгилешинче, бөлүнгөн каражаттын 70-80 пайызы 4-5 тарыхый обьектини калыбына келтирүүгө жана туристтик аймактарга бараткан жолдорго даараткана салууга жумшалат.

Кошумчалай кетсек, былтыр бул департаментке мамлекеттик бюджеттен 7,8 млн сом каралган болчу.