Марал Радиосу

Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болду

Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук кеңишинин катчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттик аппараттан маалымдашты.

Кошумчалай кетсек, Өмүрбек Суваналиев 2006-2007-жылдары Ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп турган. 2008-2010-жылы Нарын облусунун губернатору болсо, 2011-жылы президенттик шайлоодо талапкерлигин койгон.