Марал Радиосу

Коопсуз шаар: 1000 сом айып пулдун 210 сому «Вегага» которулат

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында ар бир эреже бузуудан түшкөн айып пулдан «Вега» компаниясына 210 сом которулат. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев “Марал” радиосуна берген маегинде айтты.

Анын айтымында, жол эрежесин бузуудан салынган 1000 сомдук айып пулдун 210 сому «Вега» компаниясына берилет.

«Вега» 10 млн 600 миң жол эрежесин бузуудан түшкөн каражатты, тагыраагы, 2 млрд 226 млн сом алган соң компания менен келишимди токтотууга мүмкүн. Ишкана келишим бүткөн соң жабдыктарды Кыргызстанга өткөрүп берүүгө даяр. Жабдыктарды 24 саат бою «Вега» компаниясы өзү көзөмөлдөйт. Биз бул компаниядан даяр кызматты сатып алып жатабыз», — дейт Шаршембиев.

Маалыматка ылайык, жарандар эреже бузганын портал аркылуу текшере алат. Учурда жол эрежесин бузган айдоочуларга телефон аркылуу кат жиберүү пландалып жатат.

Белгилей кетсек, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга 2 млрд 550 млн сом каралган. “Вега” компаниясы долбоорду аткаруууга 2 млрд 320 млн сом каражат жумшамак болгон.