Марал Радиосу

Москвада кыргызстандык жаран метродон кулап түштү

Москва шаарында кыргызстандык жаран метродон кулап түштү. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты. Ага ылайык, окуя шаардын “Схонденская” станциясында катталган. Маалыматта айтылгандай, 16 жаштагы кыргызстандык келип токтоп жаткан метронун рельсине кулап түшкөн.

Жабырлануучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Мээсинен жаракат алгандыгы жана денесине бир катар зыян келтирилгендиги маалымдалды.