Марал Радиосу

Украинада биринчи жолу кургак учукка каршы дары чыкты

Украинада биринчи жолу  заманбап кургак учукка каршы Деламанид (Deltyba) дарысы катталды. Бул тууралуу Украинанын Саламаттыкты сактоо министирлиги маалымдаган.

Деламанид дарысы кургак учукту дарылоодо маанилүү жана башка кургак учукка каршы дарыларга салыштырмалуу бир канча артыкчылыктары бар.

Эске салсак, Украина Бүткүл дүйнөлүк саламатыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча эң көп кургак учук оорусу катталган 5 өлкөнүн ичине кирген.