Марал Радиосу

Белгилүү орусиялык диктор Евгений Суслов каза болду

Белгилүү диктор жана теле алып баруучу Евгений Суслов 81 жашында көпкө созулган оорудан кийин каза болду. Бул тууралуу кесиптеши Алла Данько өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады.

Алла Даньконун айтымында Евгений Сусловдун өлүмүнүн себеби белгсиз, бирок акыркы жылдары каттуу оору менен ооруп келген.

Евгений Суслов  “Время” программасынын жүзү болгон жана телевидениеде 30 жылдан ашык кызмат кылган. 1984-жылы Орусиянын Эмгек сиңирген артисти наамын алган.

Акыркы сапарга узатуу зыйнаты 4-февралда Москва шаарында Елоховск соборунда өтмөкчү.