Марал Радиосу

Былтыр өлкөдө 8 миндей жаран жеке агенттиктер аркылуу жумуш тапкан

Өткөн жылы 7,5 миңден ашык кыргызстандык жеке агенттиктер аркылуу жумуш табышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык-кеңештик борборунун директорунун орун басары Алмаз Алыбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнү жумушка орноштуруу боюнча 102 жеке агенттик 16 өлкөдө өз кызматтарын көрсөтүшөт.

2018-жылдын 1-январынан декабрь айына чейин 85 жеке агенттиктин жардамы менен 7 миң 647 Кыргызстандын жараны жумуш тапса, алардын 3 миң 85и аялдар болушкан.

Ошол эле учурда ар кандай бузуулардан улам 11 агенттик ишмердигин токтоткон.